# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 34-р (Жарандардан мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысын төлөп кабыл алу боюнча иштерди уюштуруу үчүн акча каражаты бөлүнүүсү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 34-р (Жарандардан мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысын төлөп кабыл алу боюнча иштерди уюштуруу үчүн акча каражаты бөлүнүүсү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 34-р
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208273>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8633/edition/521210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208273.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 34-р (Жарандардан мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысын төлөп кабыл алу боюнча иштерди уюштуруу үчүн акча каражаты бөлүнүүсү боюнча) буйругу (12.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208273

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-августу № 34-р Кыргыз Республикасынып аймагында куралды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу боюнча иштерди өркүндөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 32 "Куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынып Финансы министрлиги:

- жарандардан мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысын төлөп кабыл алу боюнча иштерди уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 2500000 (эки миллион беш жүз миң) сом бөлсүн;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражаттарды республикалык бюджетке аталган чыгымдарды каржылоо үчүн которсун;

- "Кыргыз Республикасынып 2010-жылга республикалык бюджета жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бөлүнгөн каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
