# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 32-р (Аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгаруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 32-р (Аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгаруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 32-р
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8631/edition/521206/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 32-р (Аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгаруу боюнча) буйругу (12.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208271

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-августу № 32-р Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын сапатын жакшыртуу, аны өз убагында жаңылап туруу жана белгиленген мөөнөттө кайтаруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- 2007-2008-жылы сактоого коюлган, унга тартылбай калган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган буудайдын өлчөмүнөн 3660 тонна аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгарсын;

- 2010-жылдын түшүмүнөн алынган, ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана берүүдөгү талаптар" талабына жооп берген, 3-класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес аштык буудайды 2011-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик резервге мыйзамда белгиленген тартипте койсун.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
