Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн тескемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-августу № 28-р Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 515 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «РСК Банк» ачык акционердик коому (мындан ары «РСК Банк» ААК) ачкан өзүнчө максаттуу эсепке 53,0 млн. сом өлчөмдө бюджеттик субсидияны 2010-жылдын 6-8-апрелинде жабыркаган ижарачы-ишкерлерге компенсация төлөө үчүн жумшасын.».
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. «РСК Банк» ААКга төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2010-жылдын 6-8-апрелиндеги окуялардын кесепетинен зыян тарткан ижарачы-ишкерлерге компенсация төлөө үчүн өзүнчө эсеп ачуу;
- Экономикалык зыянды аныктоо жана ишкерликти колдоо боюнча мамлекеттик комиссия аныктаган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге (мындан ары - тизме) ылайык ижарачы-ишкерлер үчүн персоналдык өзүнчө эсептерди ачуу;
- компенсация төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге жана суммаларга ылайык максаттуу эсептен ижарачы-ишкерлердин персоналдык өзүнчө эсептерине акча каражатты которуу;
- жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ижарачы-ишкерлерге тизмеге ылайык компенсацияларды төлөө боюнча которуулардын жалпы суммасы жана максаттуу эсепте калган акча каражаттын калдыгы жөнүндө маалымат берүү.».
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги Экономикалык зыянды аныктоо жана ишкерликти колдоо боюнча мамлекеттик комиссия аныктаган ижарачы-ишкерлердин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин, анда ижарачы ишкердин же анын өкүлүнүн компенсацияны алуу укугуна нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним катында көрсөтүлгөн фамилиясы, аты, атасынын аты, алардын паспорттук маалыматтары жана компенсацияны өлчөмү сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.».
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
«4-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «РСК Банк» ачык акционердик коому менен ушул тескемени ишке ашырууга байланыштуу кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим түзсүн.».
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.