Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-июну № 106 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-июнундагы № 106 токтомунун 1- тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби
Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы
Ысык-Көл облусу
Каракол шаары
1
Каракол шаардык
Монолдоров Дамир Черикович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы)
Өз арызы, мамлекеттик кызматка дайындалган
№ 75, 11.05.2016-ж.
Жети-Өгүз району
2
Светлая-Поляна айылдык
Касымов Батырбек Канатбекович
Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган
№ 153, 15.12.2012-ж.
Жалал-Абад облусу
Сузак району
3
Кызыл-Туу айылдык
Көчөров Акылбек Рашидович
Өз арызы
№ 99, 4.06.2013-ж.
4
Мамашов Шаарбек Торобекович
Өз арызы
5
Пусурманкулов Сарыбаш Таштемирович
Өлгөндүгүнө байланыштуу
Ош облусу
Кара-Кулжа району
6
Кара-Кулжа айылдык
Абдыкадыров Абдурасул Бектемирович
Өз арызы
№ 101, 4.06.2013-ж.
Баткен облусу
Лейлек району
7
Исфана шаардык
Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы)
Өз арызы
№ 151 15.12.2012-ж.
Талас облусу
Талас району
8
И.Осмонкулов айылдык
Озубеков Азамат Жылкычиевич
Өз арызы
№ 156, 15.12.2012-ж.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-июнундагы № 106 токтомунун 2- тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.
Ээлеген кызматы, кызмат орду
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими
Ысык-Көл облусу
Каракол шаары
1
Каракол шаардык
Чолпонбаев Туганбек Чолпонбаевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы
Жеке ишкер
№ 43, 20.05.2016-ж.
Жети-Өгүз району
2
Светлая-Поляна айылдык
Бакчиев Кубанычбек Айсаракунович
Жети-Өгүз райондук өрт коопсуздугун сактоо бөлүгү, инспектор
№ 17, 24.05.2016-ж.
Жалал-Абад облусу
Сузак району
3
Кызыл-Туу айылдык
Маматкулов Айдарбек Аширович
Жеке ишкер
№ 4, 14.04.2016-ж.
4
Эшенов Алымбек Алишович
Пенсионер
5
Нышанбаев Тутан Калдарович
Жеке ишкер
№ 5 23.05.2016-ж.
Ош облусу
Кара-Кулжа району
6
Кара-Кулжа айылдык
Аматов Маматкерим Матазович
Кара-Кулжа райондук социалдык фонд башкармалыгы, бөлүм башчы
№ 2, 30.05.2016-ж.
Баткен облусу
Лейлек району
7
Исфана шаардык
Тагаева Айнура Иманалиевна ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы)
Исфана шаары, № 1 гимназия мектеби, мугалим
№ 17, 30.05.2016-ж.
Талас облусу
Талас району
8
И.Осмонкулов айылдык
Бегалиев Муратбек Буланбекович
№ 36 жол тейлөө ишканасы, мастер
№ 7, 31.05.2016-ж.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 "Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 153
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 151 "Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 151
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 156 "Талас облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 156
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 101 "Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун жергиликтүү…Постановление · 04.06.2013 · № 101
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 75 "2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин…Постановление · 11.04.2016 · № 75
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 99 "Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын…Постановление · 04.06.2013 · № 99
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98