# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 24-р (Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Контролдук-көзөмөлдүк чөйрөнү оптималдаштыруу жана ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 24-р (Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Контролдук-көзөмөлдүк чөйрөнү оптималдаштыруу жана ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 24-р
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8628/edition/521061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 24-р (Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Контролдук-көзөмөлдүк чөйрөнү оптималдаштыруу жана ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругу (11.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208268

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 11-августу № 24-р Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-майындагы № 35 «Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү чектөө жөнүндө» Декретинин 3-пунктун ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Контролдук-көзөмөлдүк чөйрөнү оптималдаштыруу жана ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

- Бишкек ишкердик клубунун аткаруучу директору, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин директорунун орун басары;

- Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасында Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча эл аралык финансы корпорациясынын долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

- Германиялык техникалык кызматташтыктын туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү программасынын ГТБ долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).

2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иштин натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2010-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө берсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия зарыл болгондо ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү оптималдаштырууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын адистерин, бизнес-түзүмдөрдүн жана эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрүн тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.

4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
