Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Контролдук-көзөмөлдүк чөйрөнү оптималдаштыруу жана ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 11-августу № 24-р Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-майындагы № 35 «Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү чектөө жөнүндө» Декретинин 3-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Контролдук-көзөмөлдүк чөйрөнү оптималдаштыруу жана ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жол-жобосун жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
- Бишкек ишкердик клубунун аткаруучу директору, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин директорунун орун басары;
- Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасында Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча эл аралык финансы корпорациясынын долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
- Германиялык техникалык кызматташтыктын туруктуу экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүү программасынын ГТБ долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иштин натыйжаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2010-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия зарыл болгондо ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү оптималдаштырууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын адистерин, бизнес-түзүмдөрдүн жана эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрүн тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.