# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 19-р (Конкурстук комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 19-р (Конкурстук комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 19-р
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8624/edition/521050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 19-р (Конкурстук комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругу (04.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 4-августу № 19-р "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Тереккан, Перевальное алтын кендерин комплекстүү жана сарамжалдуу иштетүүгө инвестицияларды тартуу жана Терексай аянтын геологиялык изилдөө максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:

Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри, комиссиянын төрагасы; Стамбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары; Кылжыев С.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Таласбай уулу Акматбек - Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы; Какитаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин жер казынасын пайдалануу укугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.

2. Комиссия он күндүк мөөнөттө:

- Тереккан, Перевальное алтын кендерин иштетүү жана Терексай аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;

- болуучу конкурс жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
