Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Конкурстук комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 4-августу № 19-р "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Тереккан, Перевальное алтын кендерин комплекстүү жана сарамжалдуу иштетүүгө инвестицияларды тартуу жана Терексай аянтын геологиялык изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри, комиссиянын төрагасы; Стамбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары; Кылжыев С.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Таласбай уулу Акматбек - Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы; Какитаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин жер казынасын пайдалануу укугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.
2. Комиссия он күндүк мөөнөттө:
- Тереккан, Перевальное алтын кендерин иштетүү жана Терексай аянтын геологиялык изилдөө максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- болуучу конкурс жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон