# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-августундагы № 16-р (Республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу)

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-августундагы № 16-р (Республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу)
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 16-р
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8622/edition/521046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-августундагы № 16-р (Республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу) (02.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208262

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 2-августу № 16-р

1. 2010-жылдын 26-июнундагы № 82 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин - парламентин жайгаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине ылайык:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратындагы ремонттоо - калыбына келтирүү жумуштарын аяктоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына өтүп жаткан жылга республикалык бюджеттен 20 000 000 (жыйырма миллион) сом бөлүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фондунан 20 000 000 (жыйырма миллион) сом өлчөмдөгү каражаттар республикалык бюджеттин утурумдук тартыштыгын жабууга жиберилсин;

- «2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу тиешелүү сунушту белгиленген тартипте киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
