# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-июлундагы № 9-б (Учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматты тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-июлундагы № 9-б (Учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматты тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 9-р
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8615/edition/520979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-июлундагы № 9-б (Учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматты тууралуу) буйругу (28.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208255

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 28-июлу № 9-б «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, ошондой эле 2010-жылга Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жергиликтүү бюджеттеринин учурдагы чыгымдарын өз учурунда каржылоо максатында:

1. Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэрияларына төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү сунушталсын:

- учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматты;

- алынбай калган кирешелерди эске алуу менен 2010-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча күтүлгөн аткарууну.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэриялары берген маалыматка ылайык, 2010-жылы алынбай калган кирешелерди компенсациялоого каражаттарды издеп тапсын жана Ош менен Жалал-Абад шаарларынын жергиликтүү бюджеттерине бөлүп берсин;

- белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» тиешелүү сунуш киргизсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри

Р.Отунбаева
