Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз жана өзбек тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 17 февраля 2012 года № 45-р (Об образовании экспертной группы)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-17.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 45-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 29-октябры № 156-р "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз жана өзбек тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу максатында биргелешкен изилдөөлөрдү, долбоор алдындагы жана/же долбоордук иштерди жүргүзүү үчүн кыргыз эксперттик тобу (мындан ары - Эксперттик топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, Эксперттик топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин Азиялык биринчи бөлүмдүн башчысы; "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын начальниги; "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу башкармалыгынын долбоорлоо бөлүмүнүн начальниги; "Трансдолбоор" ТОО долбоорунун башкы инженери (макулдашуу боюнча).
2. Эксперттик топтун ишин координациялоо боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри; Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалары жана уюмдары Эксперттик топтун суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана Эксперттик топтун иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн эксперттерди жана адистерди жиберишсин.
4. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча кытай жана өзбек тараптар менен сүйлөшүү процесстери "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен өткөрүлөөрү аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 16-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 45-б (Эксперттик топ түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 17.02.2012 · № 45-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 16-б ( "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын аймагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан"…Распоряжение · 19.01.2010 · № 16-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 16-б ( "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын аймагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан"…Распоряжение · 19.01.2010 · № 16-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 45-б (Эксперттик топ түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 17.02.2012 · № 45-р · Күчүн жоготкон