# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы № 155-р (Жалал-Абад облусунун Аксы районунун узундугу 15 км болгон Ак-Суу - Тегене автомобилдик жолун оңдоо тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы № 155-р (Жалал-Абад облусунун Аксы районунун узундугу 15 км болгон Ак-Суу - Тегене автомобилдик жолун оңдоо тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 155-р
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2010
- Редакциянын күнү: 29.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8601/edition/520528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы № 155-р (Жалал-Абад облусунун Аксы районунун узундугу 15 км болгон Ак-Суу - Тегене автомобилдик жолун оңдоо тууралуу) буйругу (29.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208241

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 29-октябры № 155-р "Автомобилдик жолдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:

- 2010-жылга жана андан аркы жылдарга республикалык бюджетте автомобилдик жолдорду оңдоо жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган финансылык каражаттардын эсебинен жана алардын чегинде Жалал-Абад облусунун Аксы районунун узундугу 15 км болгон Ак-Суу - Тегене автомобилдик жолун оңдосун;

- оңдоо иштери аяктагандан кийин жогоруда аталган автомобилдик жолду оперативдүү башкарууга кабыл алсын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
