# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы № 153-р (Акча каражат бөлүнүүсү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы № 153-р (Акча каражат бөлүнүүсү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 153-р
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2010
- Редакциянын күнү: 29.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8600/edition/520526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы № 153-р (Акча каражат бөлүнүүсү тууралуу) тескемеси (29.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208240

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 29-октябры № 153-р Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 токтому менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобого, ошондой эле 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын 2010-жылдын 16-октябрындагы № 3 чечимине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептен жабыр тарткан Абдылдаев Азисбек Бугубековичке 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражат бөлсүн.

2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
