Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги «Тереккан», «Перевальное» алтын чыккан жерлерин, «Терек» алтын-сурьма чыккан жерин иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөгө укук алуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс өткөрүүнү жарыялоо боюнча) тескемеси
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 10 января 2011 года № 2-р (Об отмене действия некоторых законодательных актов)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-01-10.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-январындагы № 2-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 27-октябры № 151-б «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык «Тереккан», «Перевальное» алтын чыккан жерлерин, «Терек» алтын-сурьма чыккан жерин комплекстүү жана натыйжалуу өздөштүрүүдө жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөдө инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги «Тереккан», «Перевальное» алтын чыккан жерлерин, «Терек» алтын-сурьма чыккан жерин иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөгө укук алуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс өткөрүүнү жарыяласын.
2. «Тереккан», «Перевальное» алтын чыккан жерлерин, «Терек» алтын-сурьма чыккан жерин иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга жана Терексай аянтын геологиялык изилдөөгө укук алуу үчүн конкурс өткөрүүнүн тиркелген Тартиби бекитилсин.
3. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-январындагы № 2-б (Айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 10.01.2011 · № 2-р
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-январындагы № 2-б (Айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 10.01.2011 · № 2-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 19-р (Конкурстук комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 04.08.2010 · № 19-р · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон