Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 13-октябры № 137-р (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 579-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисине принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 579-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтү, Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу түзүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашат:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Бул Макулдашуу Келишим түзүүчү Мамлекеттердин биринин же экөөсүнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу колдонула турган салыктар
1. Бул Макулдашуу салыктарды алуунун ыкмасына карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекеттин атынан же анын саясий же административдик бөлүктөрү же болбосо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан алынуучу киреше жана капитал салыктарына карата колдонулат.
2. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерден алынуучу салыкты, ишкана төлөгөн маянанын же эмгек акынын жалпы суммасынан алынуучу салыкты, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешелерден алынуучу салыкты кошкондо, кирешенин жалпы суммасынан, капиталдын жалпы суммасынан же кирешенин же капиталдын айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар киреше жана капитал салыктары деп эсептелет.
3. Бул Макулдашуу колдонула турган салыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасында:
(i) юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешелеринен алынуучу салык; (ii) жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы; (iii) кыймылсыз мүлк салыгы (мындан ары «Кыргыз тараптын салыктары» деп аталат).
b) Корея Республикасында:
(i) жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы; (ii) корпорациянын пайдасынан алынуучу салык; (iii) айыл чарбасын өнүктүрүүгө атайын салык; (iv) тургундардын кирешесинен салык (мындан ары «Кореялык тараптын салыктары» деп аталат).
4. Ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин колдонуудагы салыктарга толуктоо катары же алардын ордуна алына турган ар кандай окшош же маңызы боюнча ошондой салыктарга карата да ушул Макулдашуу колдонулат. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизиле турган ар кандай олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турууга тийиш.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуунун максатында:
а) «Кыргызстан» деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда «Кыргызстан» деген термин Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана анда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;
b) «Корея» деген термин Корея Республикасынын аймагын билдирет, эл аралык укукка ылайык Корея Республикасынын мыйзамдары боюнча деңиздин түбүн, анын жер казынасын, ошондой эле жаратылыш ресурстарын пайдаланууга карата Корея Республикасынын эгемендүү укугу же юрисдикциясы ишке ашырылуучу аймагы деп эсептелүүчү же келечекте эсептелиши мүмкүн болгон Корея Республикасынын аймактык суулары менен танапташ ар кандай аймакты камтыйт;
с) «Келишим түзүүчү Мамлекет» жана «башка Келишим түзүүчү Мамлекет» терминдери контекстке жараша Кыргыз Республикасын жана Корея Республикасын билдирет;
d) «жак» деген термин жеке адамды, компанияны жана жактардын ар кандай башка бирикмесин камтыйт;
е) «компания» деген термин ар кандай корпоративдүү бирикмени же салык салуу максаты үчүн корпоративдүү бирикме катары каралган башка ар кандай ишкананы билдирет;
f) «Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы» жана «башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы» деген терминдер тиешелүү түрдө Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы жана башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билдирет;
g) «эл аралык ташуу» деген термин деңиз же аба кемеси же автомобиль транспорту башка Келишим түзүүчү Мамлекетте да жалаң гана пункттар аралык пайдаланылган учурларды кошпогондо, Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканалары тарабынан пайдаланылган деңиз же аба кемеси же автомобиль транспорту менен ар кандай ташууларды билдирет;
h) «компетенттүү орган» деген термин төмөнкүнү билдирет:
i) Кыргыз Республикасында - Финансы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
ii) Кореяда, - Стратегия жана Финансы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
i) «улуттук адам» деген термин төмөнкүнү билдирет:
(i) Келишим түзүүчү Мамлекеттин жарандыгына ээ болгон ар кандай жеке адамды; (ii) Келишим түзүүчү Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, өнөктөштүктү же жамаатташтыкты билдирет.
2. Келишим түзүүчү Мамлекет тарабынан ар кандай учурда, ушул Макулдашууну колдонууда аныкталбаган термин, эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуу колдонулган салыктарга карата ошол Мамлекеттин учурдагы мыйзамдарында аныкталган маанини билдирет, анын маанилери ошол Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдары боюнча аныкталат.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максатында «Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти» деген термин ар кандай жакты билдирет, ага ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анын туруктуу жашаган жеринин, туруктуу жайгашкан ордунун, негизги же башкы конторасынын жайгашкан жеринин, же ушул сыяктуу мүнөздөгү ар кандай башка критерийдин негизинде салык салынат, ошондой эле бул Мамлекетти жана анын ар кандай административдик же саясий бөлүктөрүн, же болбосо жергиликтүү бийлик органын камтып турат. Бирок бул термин ошол Мамлекетте салык салынууга жаткан бардык жакты камтыбайт, ошол Мамлекеттеги булактардан алынуучу кирешени же анда жайгашкан капиталды гана камтыйт.
2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке адам Келишим түзүүчү Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй түрдө аныкталат:
а) ал туруктуу турак-жайга ээ болгон Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет; эгерде ал Келишим түзүүчү Мамлекеттердин экөөндө тең туруктуу турак-жайы болсо, ал өзүнүн алда-канча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары (турмуштук таламдарынын борбору) бар Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
Ь) эгерде анын турмуштук таламдарынын борбору болгон Мамлекетти аныктоо мүмкүн болбосо, же мына ушул Мамлекеттердин биринде да ал туруктуу турак-жайга ээ болбосо, ал өзү демейде жашаган Мамлекеттин резиденти деп эсептелет;
с) эгерде ал демейде эки Мамлекетте тең жашаса же болбосо алардын биринде да жашабаса, ал улутуна жараша ошол Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
d) эгерде ал Мамлекеттердин экөөнүн тең улутуна таандык болуп эсептелсе, же алардын биринин да улутуна таандык болуп эсептелбесе, анда Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулушат.
3. Жеке адам болуп эсептелбеген жак эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык Келишим түзүүчү Мамлекеттердин экөөнүн тең резиденти болуп эсептелсе, анда ал анын натыйжалуу башкаруу органы жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн «туруктуу мекеме» деген термин иштин туруктуу ордун билдирет, ал аркылуу ишкананын иши толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашырылат.
2. «Туруктуу мекеме» термини негизинен төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) башкаруу ордун;
Ь) бөлүмдү;
с) кеңсени;
d) фабриканы;
е) өнөркананы;
f) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ресурстары алына турган ар кандай башка жерди; жана
g) айыл чарбалык жайыт жана токой менчигин.
3. «Туруктуу мекеме» термини дагы төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) курулуш аянтчасын, куруучу, жыйноочу объектти, бирок иш аянтчада же объектте он эки айдан ашык улантылган учурда гана;
Ь) консультациялык кызматты кошкондо, ишкана ушул максаттар үчүн алган кызматчылар же башка персоналдар аркылуу ишкананын кызмат көрсөтүүсү, бирок мындай мүнөздөгү ишмердик мамлекеттин аймагында (ушундай иш же аны менен байланышкан долбоор үчүн) он эки айдан ашык мезгилде улантылса гана.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, «туруктуу мекеме» термини төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) курулмаларды ишканага таандык болгон товарларды же буюмдарды жалаң гана сактоо, көрсөтүү же жеткирип берүү максатында пайдаланууну;
Ь) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын жалаң гана сактоо, көрсөтүү же жеткирип берүү максатында күтүүнү;
с) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын жалаң гана башка ишканаларга кайра иштетүү максатында күтүүнү;
d) иштин туруктуу ордун жалаң гана товарларды же буюмдарды сатып алуу же ишкана үчүн маалымат жыйноо максатында күтүүнү;
е) иштин туруктуу жалаң гана ишкана үчүн даярдык же көмөкчү мүнөздөгү ар кандай башка ишти жүзөгө ашыруу максатында күтүүнү;
f) иштин туруктуу ордун жалаң гана а)-е) пункттарында саналган иш түрлөрүнүн ар кандай комбинацияларын жүзөгө ашыруу үчүн күтүүнү, мындай комбинациянын натыйжасында келип чыккан иштин туруктуу ордундагы жыйынтык ишке даярдык же көмөкчү мүнөздө болгон шартта.
5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде жак 6-пункт колдонулган көз карандысыз статусу бар агенттен башка адам болуп, ишкананын атынан аракеттенсе жана ишкананын атынан контракт түзүүгө ыйгарым укуктуу болсо жана Келишим түзүүчү Мамлекетте демейде ошол ыйгарым укукту пайдаланса, анда ошол адамдын ишкана үчүн жүзөгө ашырып жаткан ар кандай ишине карата ал ишкана ушул Мамлекетте туруктуу ишканасы бар ишкана катары каралат. Эгерде ошол адамдын иши 4-пунктта эскертилгендер менен чектелгенди кошпогондо, бул иштин туруктуу орду аркылуу жүзөгө ашырылса, ушул пункттун жоболоруна ылайык ал иштин туруктуу ордун туруктуу мекемеге айландырбайт.
6. Ишкана брокер, комиссионер же көз карандысыз статусу бар ар кандай башка агент аркылуу ошол Мамлекетте ишкердикти жүзөгө ашырса гана, мындай жак өзүнүн демейдеги ишинин алкагында аракеттенген шартта, Келишим түзүүчү Мамлекетте туруктуу мекемеси болгон деп эсептелбейт.
7. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияны контролдосо же ал тарабынан контролдонсо же мына ошол башка Мамлекетте ишкердик жүргүзүшүнүн фактысы (же туруктуу мекеме аркылуу же болбосо башкача жол менен) болсо, ушул компаниялардын биринин туруктуу мекемесине айландырылбайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти тарабынан башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл же токой чарбасынан кирешени кошкондо) алынган кирешеге ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. «Кыймылсыз мүлк» деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот. Бул термин кандай учурда болбосун кыймылсыз мүлккө карата алганда көмөкчү мүнөздө болгон мүлктү, малды жана айыл жана токой чарбаларында пайдаланылуучу жабдууларды, жерге болгон менчикке карата негизги мыйзамдын жоболору колдонула турган укукту, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү үчүн компенсация катарындагы өзгөрүлмө же так белгиленген төлөмдөргө болгон укукту же иштеп чыгууга укукту камтыйт; деңиз, аба кемелери же автомобиль транспорту кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же кандайдыр бир башка түрдө пайдалануудан алынган кирешеге карата колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору да ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлктөн кирешелерге карата колдонулат.
7-берене. Ишкердиктен алынган пайда
1. Эгерде ишкана башка Келишим түзүүчү Мамлекетте андагы жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти жүргүзбөсө, анда Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишкана пайдасына ошол Мамлекетте гана салык салынат, Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик жүргүзсө, ишкана пайдасына башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок салык мындай туруктуу мекемеге таандык болгон бөлүгүнө гана салынат.
2. 3-пункттун жоболоруна ылайык, эгерде Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы башка Келишим түзүүчү Мамлекетте андагы жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө, эгерде ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болуп, ушундай же ушул сыяктуу шарттарда, ушундай же ушул сыяктуу иш жүргүзгөндө алышы мүмкүн болсо жана өзү туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканага толук көз карандысыздыкта аракеттенсе, анда пайда ар бир Келишим түзүүчү Мамлекеттеги туруктуу мекемеге таандык.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо башкаруучулук жана жалпы администрациялык чыгашаларды кошкондо, туруктуу мекеменин максаттары үчүн тартылган чыгашаларды, анын ичинде бул чыгашалардын туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте же ар кандай жерде тартылгандыгына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарлар же буюмдар сатып алынганда тапкан кандайдыр бир пайда туруктуу мекемеге таандык болбойт.
5. Эгерде белгиленген ыкманы өзгөртүү үчүн олуттуу жана жетиштүү негиздер жок болсо, мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге таандык кылынган пайда жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат.
6. Эгерде пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө карала турган кирешенин элементтерин камтыса, анда ошол беренелердин жоболору ушул берененин жоболорунда камтылбайт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Эл аралык ташууда деңиз же аба кемелерин же автомобиль транспортун пайдалануудан Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы алган пайдага ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
2. 1-пункттун жоболору пулага, биргелешкен ишканага, же болбосо транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмдарга катышуудан алынган пайдага колдонулат.
3. Ушул берененин максаты үчүн «Эл аралык ташууда деңиз же аба кемелерин же автомобиль транспортун пайдалануудан пайда» деген термин төмөнкүлөрдөн алынган пайданы камтыйт:
а) толук жабдылган кемени, аба кемесин же жүргүнчүлөрү менен автомобилдик транспортту ижарага тапшыруудан;
Ь) экипажсыз чартердеги регулярдуу эмес аткарымдарда деңиз же аба кемесин же автомобиль транспортун ижарага тапшыруудан;
с) Эгерде ижарага берүү же пайдалануу, күтүү же кырдаалга жараша ижарага тапшыруу эл аралык ташууда деңиз, аба кемесин же автомобилдик транспортту пайдаланууга карата коштомо мүнөздө болсо, анда буюм заттарды жана товарларды ташуу үчүн колдонулган контейнерлерди (трейлерди жана контейнерлерди ташуу үчүн аларга таандык болгон жабдууларды кошкондо) пайдалануудан, күтүүдөн же ижарага тапшыруудан.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
а) Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса; же
б) бир эле ошол жак бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасын жана башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса, анда эки учурда тең эки ишкананын ортосундагы коммерциялык жана каржылык өз ара мамилелерде көз карандысыз эки ишкананын ортосунда боло турган шарттан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринде топтолгон, алардын бирине эсептелиши мүмкүн болгон, бирок ушул шарттардын болушунан улам ага чегерилбеген ар кандай пайда ушул ишкананын пайдасына киргизилиши жана тиешелүү түрдө салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде Келишим түзүүчү Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайдасын салык салууга киргизсе жана тиешелүү түрдө башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин мына ушул Мамлекетте салык салынган пайдасына салык салса жана ушундай жол менен киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына эсептелиши мүмкүн болгон пайда болуп эсептелсе, эгерде эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосунда орун алган шарттар сыяктуу болсо, анда экинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тиешелүү оңдоолорду жасашы мүмкүн. Ушундай оңдоолорду аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл учурда бири-бири менен консультация жүргүзүп турат.
10-берене. Дивиденддер
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин компаниясы - резиденти тарабынан башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине төлөнгөн дивиденддерге мына ушул башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок, мындай дивиденддерге да ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынуучу салык төмөнкүдөн ашпайт:
а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөн компаниянын капиталынын кеминде 25%ине түздөн-түз ээлик кылган компания (шериктешиктен башкача) болуп саналса, дивиденддердин жалпы суммасынын 5%инен;
б) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 10%инен.
Бул пункт дивиденддер төлөнө турган пайдага карата компанияга салык салууну камтыбайт.
3. Ушул беренеде пайдалануу үчүн «дивиденддер» деген термин акциялардан, «жуиссанс» акцияларынан же «жуиссанс» укуктарынан, кен казып алуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын акцияларынан же карыздык милдеттенмелер болуп эсептелбеген, пайдага катышкан башка укуктардан түшкөн кирешелерди, ошондой эле башка корпоративдик укуктардан жана пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салуу жаатында акциялардан түшкөн кирешелерге теңештирилген кирешелерди билдирет.
4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуу менен дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө, же анда жайгашкан туруктуу базадан ошол башка Келишим түзүүчү Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг чындыгында эле ушундай туруктуу мекеме же ушундай база менен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-беренелердин жоболору колдонулат.
5. Эгерде Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания башка Келишим түзүүчү Мамлекеттен пайда же киреше алса, эгерде мындай дивиденддер ошол башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине төлөнгөн же болбосо дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг мына ошол башка Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же туруктуу базага чынында эле таандык кылынган учурларды кошпогондо, анда ошол башка Келишим түзүүчү Мамлекет компанияга төлөнгөн дивиденддерден ар кандай салыкты ала албайт, ошондой эле эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда толугу менен же жарым-жартылай мына ошол башка Мамлекетте келип чыккан пайдадан же кирешеден түзүлсө, анда компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан бөлүштүрүлбөгөн пайдага салыкты ала албайт.
11-берене. Проценттер
1. Бир Келишим түзүүчү Мамлекетте пайда болгон жана башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине төлөнгөн проценттерге мына ушул башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай проценттерге Келишим түзүүчү Мамлекетте ошол Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келип чыккан салык салынышы мүмкүн, эгерде проценттердин иш жүзүндөгү ээси башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынган салык проценттердин жалпы суммасынын 10%инен ашпайт.
3. 2-пункттун жобосунда төмөнкүлөр каралбайт:
а) Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыккан жана башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин Өкмөтү тарабынан, анын саясий же администрациялык бөлүктөрүн же жергиликтүү бийлигин кошкондо, берилген проценттер ошол башка мамлекеттин Борбордук банкы же мамлекеттик мүнөздөгү функцияны аткарган ар кандай финансылык институту биринчи айтылган Мамлекетте салыктардан бошотулат;
Ь) ар кандай өнөр жай, коммерциялык же илимий жабдууларды сатууга байланыштуу, же бир ишкананын башка ишканага ар кандай товарларды кредитке сатышына байланыштуу төлөнгөн проценттерге, алуучу резиденти болуп саналган Келишим түзүүчү Мамлекетте гана ушул алуучу ошол проценттин менчик ээси болуп саналган шартта гана салык салынат.
4. 3-пункттун максаты үчүн «Борбордук банк жана мамлекеттик мүнөздөгү функцияны аткарган финансы институту» деген түшүнүк төмөнкүнү билдирет:
а) Кореяда:
(i) Корея банкын; (ii) Кореянын экспорт - импорт банкын; (iii) Кореялык экспорттук камсыздандыруу корпорациясын; (iv) мамлекеттик мүнөздөгү функцияларды көрсөтүүчү дагы башка ушул сыяктуу финансы институттарын билдирет, алар Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ортосунда кат менен аныкталышы жана макулдалышы мүмкүн;
б) Кыргызстанда:
(i) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы; (ii) мамлекеттик мүнөздөгү функцияларды көрсөтүүчү дагы башка ушул сыяктуу финансы институттарын билдирет, алар Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ортосунда кат менен аныкталышы жана макулдалышы мүмкүн.
5. «Проценттер» деген термин ушул беренеде пайдаланганда күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган, төлөмөрдүн пайдасына катышууга укук берген же бербеген ар кандай түрдөгү карызды талап кылуудан түшкөн кирешелерди, атап айтканда, ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сыйлыктарды жана утуштарды кошкондо, Өкмөттүк баалуу кагаздардан түшкөн кирешени жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешени билдирет. Ушул берененин максаты үчүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып акылар проценттер катары каралбайт.
6. Эгерде проценттердин иш жүзүндөгү ээси бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуу менен башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу проценттер келип чыккан Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, же болбосо мына ушул башка Мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан проценттер төлөнүп жаткан карыздык талаптарды жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алар чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1, 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда, кырдаалга жараша 7 же 14-беренелердин жоболору колдонулат.
7. Эгерде проценттерди төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болсо, проценттер Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Эгерде проценттерди төлөөчү жактын Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекетте туруктуу мекемеси же туруктуу базасы болсо, ушуга байланыштуу ал боюнча проценттер төлөнгөн карыз келип чыкса жана мындай проценттер ушул туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнсө, анда ушундай проценттер туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет.
8. Эгерде проценттерди төлөөчү менен иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же экөөнүн, же кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, негизинде проценттер төлөнүп жаткан карыздык талапка таандык болгон проценттин суммасы процентти төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашыла турган суммадан ашып кетсе, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө мурдагыдай эле салык салышат.
12-берене. Роялти
1. Бир Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыккан жана башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине төлөнгөн роялтиге мына ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге, алар ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келип чыкса, Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок роялтинин иш жүзүндөгү ээси башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болсо, анда ушундай жол менен алынган салык төмөнкүдөн ашпайт:
а) өнөр жай, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалангандыгы үчүн же пайдаланууга укук үчүн төлөнгөн ушул роялтинин жалпы суммасынын 5 процентинен;
Ь) калган бардык учурларда ушул роялтинин жалпы суммасынан 10 процентинен ашпоого тийиш.
3. «Роялти» деген термин ушул беренеде пайдаланганда адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармасына же программалык камсыздоону кошкондо, илимий эмгекке, кино жана видео фильмдерге, ар кандай патенттерге, соода маркасына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске автордук укуктарды пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн, же өнөр жайдык, коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалангандыгы же пайдалануу укугун бергендиги үчүн же тиешелүү маалымат үчүн сый акы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуу менен башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти келип чыккан жерде ишкердик жүргүзсө жана роялти төлөнүп жаткан укук же мүлк чынында эле ушундай мекеме менен байланышта болсо, 1 жана 2-пункттун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда, кырдаалга жараша 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.
5. Эгерде роялти төлөөчү ошол Мамлекеттин резиденти болсо, роялти Келишим түзүүчү Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок эгерде роялти төлөгөн жак өзүнүн Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекетте туруктуу мекемеге же туруктуу базага ээ болсо, ага байланыштуу роялти төлөө милдеттенмеси келип чыкса жана ушул роялтини төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда ушундай роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет.
6. Эгерде роялти төлөмчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин же алардын экөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелерге байланыштуу негизинде роялти төлөнүп жаткан укукту же маалыматты пайдаланууга таандык болгон роялтинин суммасы роялтини төлөмчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашыла турган суммадан ашып кетсе, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен ар бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык мурдагыдай эле салык салынат.
13-берене. Капиталдан алынган киреше
1. 6-беренеде айтылган жана башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешеге мына ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы башка Келишим түзүүчү Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан, же бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин карамагындагы туруктуу базага таандык жана көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү максатында башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан кыймылдуу мүлктөн түшкөн кирешеге, мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) же болбосо мындай туруктуу базаны ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешени кошкондо, ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемелерин же автомобиль транспортун ээликтен ажыратуудан же мындай деңиз же аба кемелерин, же автомобиль транспортун пайдаланууга таандык болгон кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
4. Башка Келишим түзүүчү мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн тикелей же кыйыр түрдө алынган алардын өздүк наркынан 50%тен ашкан акцияларды ээликтен ажыратуудан Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине төлөнгөн кирешеге ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. 1, 2, 3 жана 4-пункттарда айтылгандардан башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти тарабынан кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка ишмердиктен алынган кирешеге ошол Мамлекетте гана салык салынат, буга ал башка Келишим түзүүчү Мамлекетте үзгүлтүксүз жеткиликтүү туруктуу базада ошондой ишмердикти жүргүзүү үчүн учурлары кирбейт. Эгерде анда мындай туруктуу база болсо же мурда болгон болсо ошол туруктуу базага таандык бөлүгүндө гана башка Мамлекетте кирешеге салык салынышы мүмкүн.
2. «Кесипкөйлүк кызмат көрсөтүү» деген термин, тактап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, артисттик, билим берүү же педагогикалык ишмердикти, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердии көз карандысыз ишмердигин камтыйт.
15-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүү
1. Эгерде жалданып иштөө башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, 16, 18, 19 жана 21-беренелердин жоболорун эске алганда, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган айлык акысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, ушуга байланыштуу алынган сый акыга мына ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жобосуна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган сый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
а) алуучу каралып жаткан тийиштүү фискалдык жылда башталган же аяктаган ар кандай 12 айлык мезгилде жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде башка Мамлекетте болсо; жана
Ь) сый акы башка Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
с) сый акы жалдоочу башка Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз же аба кемесинин бортунда же автомобиль транспортунда ишке ашырылган жалдануу боюнча иш менен байланыштуу алынган сый акы ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Директорлорго сый акы
Директорлордун сый акысына жана башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп саналган компаниянын директорлор кеңешинин же компаниянын ушул сыяктуу органынын мүчөсү катары Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган башка ушул сыяктуу төлөөлөргө ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Артисттер жана спортсмендер
14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти же музыканты сыяктуу искусство кызматкери катары же өзүнүн жеке иши болгон спортсмен катары башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жүзөгө ашырылган жеке ишинен алынган кирешесине ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7, 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Келишим түзүүчү Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган Келишим түзүүчү Мамлекетте аткарылган иштен Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти алган киреше, эгерде башка Мамлекетте визит биринчи айтылган келишим түзүүчү Мамлекеттин мамлекеттик фондусунан, саясий же администрациялык бөлүктөр же жергиликтүү бийлик органы тарабынан толук же негизинен төлөнсө, же болбосо Келишим түзүүчү Мамлекеттердин Өкмөттөрү ортосунда маданий макулдашуунун же келишимдин алкагында ишке ашырылса, ошол Мамлекетте салыктан бошотулат.
18-берене. Пенсиялар жана аннуитеттер
1. 19-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алганда, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине мурда жалданып иштегендиги үчүн төлөнгөн пенсияга жана башка ушул сыяктуу сый акыга жана аннуитетке ошол Мамлекетте гана салык салынат.
2. «Аннуитет» деген термин өмүр бою же белгилүү же конкреттүү мезгил аралыгында белгиленген убакытта мезгил-мезгили менен төлөөгө таандык белгиленген сумманы билдирет, милдеттенмеге ылайык акчалай же нарктык туюнтууда ага төп келген же толук сый акыны алмаштырган төлөм жүргүзүлөт.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Келишим түзүүчү Мамлекет же анын саясий же администрациялык бөлүктөрү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан ушул Мамлекетте же анын бөлүктөрүнө же жергиликтүү бийликке көрсөтүлгөн кызматына карата жеке адамга төлөнгөн айлык акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыга ошол Мамлекетте гана салык салынат.
б) Бирок мындай айлык акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыга, эгерде кызмат ошол Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке адам ошол Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат, ал:
1) ошол Мамлекеттин улуттук адамы болсо; же
2) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол Мамлекеттин резиденти болбой калса.
2. а) 1-пункттун жобосуна карабастан, Келишим түзүүчү Мамлекет тарабынан же саясий, администрациялык бөлүктөрү же жергиликтүү бийлик органы же алар түзгөн фонддордон ушул Мамлекет же бөлүктөр же жергиликтүү бийлик органы үчүн ишке ашырылган кызматы үчүн жеке адамга төлөнүүчү пенсияга же ушул сыяктуу сый акыга мына ошол Мамлекетте гана салык салынат.
б) Бирок, эгерде жеке адам ошол Мамлекеттин резиденти жана улуттук адамы болуп эсептелсе, мындай пенсияга жана башка ушул сыяктуу сый акыга, башка Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
3. 15, 16, 17, жана 18-беренелердин жоболору Келишим түзүүчү Мамлекет же анын саясий, администрациялык бөлүктөрү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан ишкердикке байланыштуу көрсөтүлгөн кызмат үчүн айлык акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу сый акыга жана пенсияларга карата колдонулат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-пункттарынын жоболору төлөнгөн маянага, эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу төлөөлөргө же пенсияларга карата төмөнкүдөй колдонулат:
а) Кореяда болгон учурда:
Корея Банкы, Кореянын экспорт-импорт банкы, Кореялык экспорттук камсыздандыруу корпорациясы жана башка мамлекеттик мүнөздөгү функцияларды аткаруучу институттар, алар Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ортосунда кат аркылуу аныкталышы жана макулдалышы мүмкүн;
б) Кыргызстанда болгон учурда:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка мамлекеттик мүнөздөгү функцияларды аткаруучу институттар, алар Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ортосунда кат аркылуу аныкталышы жана макулдалышы мүмкүн.
20-берене. Студенттер
Бир Келишим түзүүчү Мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана биринчи аталган Мамлекетте окуу же билим алуу максатында гана жүргөн студент же стажер тарабынан алынуучу жана жашоо, окуу жана билим алуу максаттарына арналган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталган Мамлекетте салык салынбайт.
21-берене. Профессорлор жана окутуучулар
1. Университетте, колледжде, мектепте же башка ушул сыяктуу билим берүүчү институтта окутуучулук же изилдөөчүлүк иш үчүн Келишим түзүүчү Мамлекетке келген адам ошол Келишим түзүүчү Мамлекеттин Өкмөтү тарабынан пайда табууну көздөбөгөн уюм катары таанылган жана түздөн-түз келгенге чейин башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болгон же болуп саналган ар кандай окутуучулук же изилдөөчүлүк төлөөлөр боюнча биринчи айтылган Келишим түзүүчү Мамлекетте анын биринчи визитинин күнүнөн баштап ошол багыты боюнча 2 жылдан ашпаган мезгил аралыгында салык салуудан бошотулат.
2. Эгерде бул изилдөөчүлүк иш коомдук жыргалчылык үчүн эмес, өз негизинде айрым адамдын же айрым адамдардын жеке пайдасы үчүн жүргүзүлсө изилдөөчүлүк иштен алынган кирешеге карата 1-пункттун жобосу колдонулбайт.
22-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде айтылбаган Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин киреше түрлөрү, алардын келип чыгуу булактарына карабастан, мына ошол Мамлекетте гана салык салууга жатат.
2. Эгерде ушундай кирешелерди алуучу бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп туруп, башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө же мына ошол башка Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызмат көрсөтсө, ага байланыштуу киреше алынган укук же мүлк ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, 1-пункттун жоболору 6-берененин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү кирешелерден башка кирешелерге карата колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша 7 же 14-берененин жоболору колдонулат.
23-берене. Капитал
1. 6-беренеде айтылган, Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине таандык болгон жана башка Келишим түзүүчү Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлк түрүндөгү капиталга ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы башка Келишим түзүүчү Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеменин өндүрүштүк мүлкүнүн бөлүгү болуп саналган кыймылдуу мүлк түрүндөгү капиталга ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз, аба кемелери жана автомобиль транспорту түрүндөгү жана ошол деңиз, аба кемелеринде жана автомобиль транспортунда пайдаланууга таандык болгон кыймылдуу мүлк түрүндөгү капиталга ошол Келишим түзүүчү Мамлекетте гана салык салынат.
4. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентинин капиталынын бардык башка элементтерине ушул Мамлекетте гана салык салынат.
24-берене. Кош салык салууну четтетүү ыкмасы
1. Кыргызстанда болгон учурда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кореяда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса же капиталы болсо, Кыргызстан төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
1) Кореяда төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы бул резиденттин киреше салыгынын эсебинен чыгаруу катары;
2) Кореяда төлөнгөн капитал салыгына барабар сумманы бул резиденттин капиталына салыктын эсебинен чыгаруу катары.
Мурдагы жоболорго ылайык салыктык эсептен чыгаруунун суммасы Кыргызстанда колдонуудагы чен боюнча ошол кирешеге карата колдонулуп келген салыктан ашпоого тийиш.
б) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кореяда гана салык салынган киреше алса, же капиталга ээ болсо, анда Кыргызстан ошол кирешени же капиталды салыктык базага кошуусу мүмкүн, бирок Кыргызстанда салык салуу үчүн колдонулуучу ошол кирешеге же капиталга салыктын ченин белгилөө максаты үчүн гана кошот.
2. Корея салыгына карата эсептөө катары чыккан төлөөлөргө таандык Кореянын салык мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен, алар Кореядан башка кайсыл өлкөдө болбосун төлөнүүгө тийиш (ал анын негизи принциптерине каршы келбесе):
а) эгерде Кореянын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстандын мыйзамдары боюнча салык салынышы мүмкүн болгон Кыргызстандан киреше алса, ошол кирешеге карата төлөнүүгө тийиш болгон Кыргызстандын салыгынын суммасы Кореянын салыгына карата эсепке кирет, ал ошол резидент тарабынан төлөнүүгө тийиш. Бирок эсепке киргизүү суммасы эсепке киргизүү колдонулганга чейин эсептелип бүткөн жана ошол кирешеге таандык болгон Кореялык тараптын салыгынын бөлүгүнөн ашпоого тийиш;
б) эгерде Кыргызстанда алынган киреше Кореянын резиденти болуп саналган компанияга карата мамиле боюнча Кыргызстандын резиденти болуп саналган компанияга төлөнгөн дивиденд деп эсептелип, компания тарабынан чыгарылган акциялардын жалпы санынын кеминде 20%ине ээлик кылса, анда эсепке кошуу ошол дивиденд төлөнгөн кирешеге карата компания тарабынан төлөнүп берилген Кыргызстандын салыгынын эсебине киргизилет.
25-берене. Басмырлабоо
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттин тургуну башка Келишим түзүүчү Мамлекетте бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резидентке карата алганда, ушул башка Мамлекеттин тургуну, ошол эле кырдаалда тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга же ага байланыштуу милдеттенмелерге караганда башка же алда канча оор салык салууга же ага байланыштуу милдеттенмеге дуушарланбайт. 1-берененин жоболоруна карабастан, ушул жобо Келишим түзүүчү Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да колдонулат.
2. Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар бирдей эле жагдайларда, Келишим түзүүчү Мамлекеттердин биринде дагы ушул Мамлекеттин улуттук адамы тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга же ага байланыштуу милдеттенмелерге караганда, салык салууга, же болбосо ага байланыштуу башка же алда-канча оор милдеттенмелерге дуушарланышы мүмкүн эмес.
3. Бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы башка Келишим түзүүчү Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ушул башка Мамлекеттин ушундай эле ишти жүзөгө ашырып жаткан ушул башка Мамлекеттин ишканасына салык салууга караганда алда-канча жагымсыз болушу мүмкүн эмес. Ушул Жобо бир Келишим түзүүчү Мамлекетти башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине алардын жарандык статусунун же үй-бүлөлүк абалынын негизинде өзү жеке резиденттерине берип жаткан салык салуу боюнча кандайдыр бир жеке жеңилдиктерди, эсептен чыгарууларды жана жеңилдиктерди берүүгө милдеттендирүүчү жобо катары чечмеленбөөгө тийиш, ал аны өзүнүн өздүк резидентине берет.
4. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 8-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун Жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы тарабынан башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине карата жүзөгө ашырылган проценттер, роялти жана башка төлөмдөр ушундай ишканалардын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында алар биринчи айтылган Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй эле, ушундай эле эсептен чыгарууларга кириптер болууга тийиш. Бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасынын башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резидентине болгон ушундай карызы ушул ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максатында биринчи аталган Мамлекеттин резидентинин карызы сыяктуу эле шарттарда эсептен чыгарылат.
5. Капиталы толугу менен же жарым жартылай башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин резиденттерине таандык болгон же тикелей же кыйыр түрдө контролдонгон бир Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасы биринчи аталган Мамлекетте биринчи аталган Келишим түзүүчү Мамлекеттин башка ушул сыяктуу ишканасы тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга же ага байланыштуу милдеттенмеге караганда кандайдыр бир салык салууга же ага байланыштуу башка же алда канча оор милдеттенмелерге тартылбоого тийиш.
6. Ушул берененин жоболору 2-берененин жоболоруна көз каранды эмес, ар кандай мүнөздөгү жана түрдөгү салыктарга карата колдонулат.
26-берене. Өз ара макулдашуунун жол-жобосу
1. Эгерде жеке адам Келишим түзүүчү Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, бул жеке адам ушул мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган коргонуу каражаттарына карабастан, эгерде ага байланыштуу учур 24-берененин 1-пунктунун аракетине, башкача айтканда өзү улуттук адамы болуп эсептелген ушул Келишим түзүүчү Мамлекетке туура келсе, өзү резиденти болуп эсептелген Келишим түзүүчү Мамлекеттин компетенттүү органына ишти кароого бере алат. Арыз Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келген аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо берилген учурдан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Эгерде компетенттүү орган дооматты негиздүү деп эсептесе жана эгерде өз алдынча канааттандыраарлык чечимге келе албаса, ушул Макулдашууга ылайык келбеген салык салуудан качуу максатында башка Келишим түзүүчү Мамлекеттин компетенттүү органы менен аны өз ара макулдук боюнча чечүүгө аракеттенет. Ар кандай жетишилген Макулдашуу Келишим түзүүчү Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган кандайдыр-бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Сүйлөшүп жаткан Мамлекеттердин компетенттүү органдары бул Макулдашуунун жобосун талкуулоодо же колдонууда ар кандай күмөндөр же кыйынчылыктар пайда болсо, өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракет кылышат. Ошондой эле алар бул Макулдашууда каралбаган кош салык салууларды жок кылуу үчүн биргелешкен кеңешме өткөрө алышат.
4. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн өкүлдөрүнөн же алардын өзүнөн турган биргелешкен комиссияны түзүүнү кошкондо, мурдагы пункттарды түшүнүүдө макулдукка жетишүү максатында бири-бири менен тикелей консультация жүргүзө алышат.
27-берене. Маалымат алмашуу
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун же Келишим түзүүчү Мамлекеттердин атынан, же алардын саясий же администрациялык бөлүктөрү же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ушул Макулдашуунун негизинде салык салуу каршы келмейинче ага ар кандай мүнөздөгү жана түрдөгү салыктарга карата ички мыйзамдарынын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон ушундай маалыматтарды алмашып турушат. Маалымат алмашуулар 1 жана 2-беренелер менен чектелбейт.
2. Келишим түзүүчү Мамлекеттер тарабынан 1-пунктка ылайык алынган ар кандай маалымат, ошондой эле ушул Мамлекеттин ички мыйзамдарынын алкагында алынган башка маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат болуп саналат жана салыктарды эсептеп чыгаруу же жыйноо, өндүрүп алуу же соттук куугунтукка алуу, ошондой эле 1-пунктта айтылган же жогоруда эске алынбай калган салыктарды карап чыгуу жагында иштеген адамдарга же органдарга гана (сотторду же администрациялык органдарды кошпогондо) маалымдалат. Мындай адамдар же органдар ошол маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонушат. Алар ошол маалыматты ачык сот отурумунун жүрүшүндө же сот чечимин кабыл алууда ачыкка чыгарышы мүмкүн.
3. Эч качан 1 жана 2-пункттардын жоболору Келишим түзүүчү Мамлекетти төмөнкүгө милдеттендирбейт:
а) тигил же бул Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдарына жана администрациялык практикасына каршы келген администрациялык чараларды көрүүгө;
б) тигил же бул Келишим түзүүчү Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгара турган маалыматты тапшырууга, же болбосо ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка (оrdе рublik) каршы келе тургандай маалыматты берүүгө.
28-берене. Дипломатиялык миссиянын жана консулдук кызматтардын мүчөлөрү
Ушул Макулдашуунун жоболору эл аралык укуктун жалпы ченемдеринин же атайын макулдашуулардын негизинде берилген дипломатиялык миссиянын жана консулдук кызматтын мүчөлөрүнүн салыктык артыкчылыктарын камтыбайт.
29-берене. Пайдадан чектөө
Эгерде ушул Макулдашуунун негизинде киреше төлөнүп берилүүчү укукка ээ же укук өткөрүлүп берген жактардын негизги максаты же негизги максаттарынын бири болуп ал укуктарды ушундай пайдаланууда же өткөрүп берүүдө ушул Макулдашуунун беренелеринен пайда табуу болсо, анда салыктардан четтөөлөрдү же алардан качууларды болтурбоо үчүн Келишим түзүүчү Мамлекеттин ички мыйзамдарынын жоболорун колдонууга ушул Макулдашууда тыюу салынбайт.
30-берене. Күчүнө кириши
1. Келишим түзүүчү Мамлекеттер ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирин маалымдайт.
2. Бул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктуна ылайык акыркы маалымдоо алынган күндөн баштап күчүнө кирет жана анын жобосу төмөнкүлөргө колдонулат:
а) ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки жылдын 1-январынан баштап же 1-январдан кийин төлөнгөн суммалар боюнча төлөө булагынан кармалган салыктарга карата;
б) Ушул Макулдашуу күчүнө кирген 1-январынан баштап же 1-январынан кийин башталган салык жылы эсептелүүчү башка салыктарга карата.
3. Сүйлөшүп жаткан мамлекеттер өз ара макулдашуу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат, алар тийиштүү протокол менен таризделет, бул протоколдор Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болот жана ушул берененин 2-пунктунда аныкталган тартипте күчүнө кирет.
31-берене. Колдонууну токтотуу
1. Ушул Макулдашуу Келишим түзүүчү Мамлекеттердин бири анын колдонулушун токтотуп койгонго чейинки мезгилде күчүндө кала берет. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштап беш жыл өткөндөн кийинки календардык жыл аяктаганга чейин алты ай калган мезгилдин ичинде Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө маалымдап, ушул Макулдашууну колдонууну токтото алат. Мындай болгон учурда Макулдашуу Келишим түзүүчү Мамлекеттердин экөөндө тең төмөнкүлөргө колдонулбайт:
а) жазуу жүзүндө маалымдоо берилген жылдан кийинки жылдын 1-январынан баштап же 1-январынан кийин төлөнүүгө тийиш болгон суммалар боюнча төлөө булагынан кармалган салыктарга карата;
б) жазуу жүзүндө маалымдоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын 1-январынан баштап же 1-январынан кийин башталган салык жылы эсептелүүчү башка салыктарга карата.
Бул Макулдашууну ырастап, ыйгарым укуктуулар ушул Макулдашууга кол коюшту.
Кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде 2 нускада _______ түзүлдү, бардык текст бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Корея Республикасынын Өкмөтү үчүн
Протокол
Кош салык салууну болтурбоо, киреше жана капитал салыктарын төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга кол коюу учурунда төмөндө кол койгондор төмөнкүдөй жоболор ушул макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелээри тууралуу макулдашты: 7-берененин 1 жана 2-пункттары боюнча Келишим түзүүчү Мамлекеттин ишканасынын туруктуу мекемесине таандык болгон пайданы аныктоодо туруктуу мекеменин ишинен алынган пайда гана туруктуу мекемеге таандык болоору белгиленет. Тактап айтканда, туруктуу мекемени түзгөн курулуш аянтчасындагы, куруу же монтаждоо, жыйноо объекттериндеги иштен алынган пайданы аныктоодо, туруктуу мекеме жайгашкан Келишим түзүүчү Мамлекеттин чегинен тышкары жерде иш жүргүзүүдөн алынган пайда туруктуу мекемеге тиешелүү болбойт. Бул Макулдашууну ырастап, ыйгарым укуктуулар ушул Макулдашууга кол коюшту.
Кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде 2 нускада _______ түзүлдү, бардык текст бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Корея Республикасынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 579-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы № 137-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.12.2012 · № 579-р