# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-октябрындагы № 133-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-октябрындагы № 133-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 133-р
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8586/edition/520124/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-октябрындагы № 133-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (12.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208226

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-октябры № 133-р

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрукка тиркеме ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-сентябрындагы № 556-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева

Тиркеме

Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө бөлүнүүчү товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын курамы

Кыргыз Республиканын айыл чарба министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республиканын айыл чарба министринин айыл чарба продукцияларын өндүрүү маселелерин тейлөөчү орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республиканын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республиканын Ички иштер министрлигинин Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын начальниги; «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; Кыргыз Республиканын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары; Кыргызстандын үрөнчүлөр ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
