# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 116-р (Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоону каржылоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 116-р (Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоону каржылоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 116-р
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8573/edition/519942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 116-р (Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоону каржылоо боюнча) буйругу (07.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208213

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 7-октябры № 116-р Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоону каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоодогу Бирдиктүү төлөөчү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана анын аймактык башкармалыктарын кармоого 66000000 (алтымыш алты миллион) сом суммасындагы каражат белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна демилге көтөрсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева
