Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Иш-чараларды каржылоо үчүн каражаттарды жумшоого уруксат берүүсү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 3-декабры № 192-б Кыргыз Республикасынын Өкмөгүнүн 2010-жылдын 13-августундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык мурда бөлүнүп, үнөмдөлгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына төмөнкү иш-чараларды каржылоо үчүн 4 795 500 (төрт миллион жети жүз токсон беш миң беш жүз) сом суммасындагы каражаттарды жумшоого уруксат берилсин:
- региондук участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоо документтерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга жеткирүүнү уюштуруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 642 300 (алты жүз кырк эки миң үч жүз) сом, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына 432 600 (төрт жүз отуз эки миң алты жүз) сом берүүгө;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди сактоочу жайдын ижара акысын төлөө үчүн 320 600 (уч жүз жыйырма миң алты жүз) сом;
- 2010-жылдагы референдумдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө жыйнактарды чыгаруу үчүн 760 000 (жети жүз алтымыш миң) сом;
- БШКнын мүчөлөрүн жана аппараттын кызматкерлерин, райондук, шаардык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын сыйлоо үчүн 2 400 000 (эки миллион төрт жүз миң) сом;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ардак грамоталарын даярдоо үчүн 240 000 (эки жуз кырк миң) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүу боюнча борбордук комиссиясы ушул тескеменин 1-пунктунда аталган каражаттарды берүүнү жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
Президент Кыргызской Республики
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-августундагы №157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча…Постановление · 13.08.2010 · № 157 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-декабрындагы № 192-р (Кызматтык жай менен камсыз кылуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 03.12.2010 · № 192-р · Күчүн жоготкон