Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-майы № 96 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 96 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби
Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы
Баткен облусу
Баткен шаары
1
Баткен шаардык
Матказиев Гапарали Эргешович ("Ата Мекен" саясий социалисттик партиясы)
Өз арызы
№ 151, 15.12.2012-ж.
Кадамжай району
2
Халмион айылдык
Камилов Кабылжан
Өлгөндүгүнө байланыштуу
№ 151, 15.12.2012-ж.
Талас облусу
Талас шаары
3
Талас шаардык
Сарногоев Эсенбай Кондубаевич ("Акшумкар" саясий партиясы)
Өз арызы
№ 156, 15.12.2012-ж.
Ысык-Көл облусу
Балыкчы шаары
4
Балыкчы шаардык
Эгеева Алтынай Керимакуновна ("Республика - Ата Журт" саясий партиясы)
Өз арызы
№ 74, 11.04.2016-ж.
Ак-Суу району
5
Кара-Жал айылдык
Бабаев Асылбек Аскарбекович
Өз арызы
№ 153, 15.12.2012-ж.
6
Тепке айылдык
Чолпонбаев Туганбек Чолпонбаевич
Өз арызы
№ 153, 15.12.2012-ж.
Чүй облусу
Ысык-Ата району
7
Милянфан айылдык
Хавазова Халима Мухамедовна
Өз арызы
№ 68, 11.04.2016-ж.
8
Болода Сулейман Салирович
Өз арызы
9
Вуджинью Гульнара Салировна
Өз арызы
Чүй району
10
Чүй айылдык
Кочкорбаев Кубанычбек Толобекович
Өз арызы
№ 157, 15.12.2012-ж.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 96 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.
Ээлеген кызматы, кызмат орду
Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими
Баткен облусу
Баткен шаары
1
Баткен шаардык
Маасеитов Базарбай Дадибаевич ("Ата Мекен" саясий социалисттик партиясы)
"Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун Баткендеги филиалы, координатор
№ 1, 25.04.2016-ж.
Кадамжай району
2
Халмион айылдык
Мийзамов Садык Камалович
"Терели-Ата" дыйкан чарбасы, мүчөсү
№ 5, 22.04.2016-ж.
Талас облусу
Талас шаары
3
Талас шаардык
Наралиев Жапаркул Жапарбекович ("Акшумкар" саясий партиясы)
"Талас 60" ЖЧК, директор
№ 2, 26.04.2016-ж.
Ысык-Көл облусу
Балыкчы шаары
4
Балыкчы шаардык
Муканбетжусупов Чынтемир Муканбетжусупович ("Республика - Ата Журт" саясий партиясы)
Убактылуу иштебейт
№ 25, 21.04.2016-ж.
Ак-Суу району
5
Кара-Жал айылдык
Эстебесов Кулунбек Октябрович
Убактылуу иштебейт
№ 8, 27.04.2016-ж.
6
Тепке айылдык
Орозалиев Рахат Абдыжапарович
Убактылуу иштебейт
№ 9, 27.04.2016-ж.
Чүй облусу
Ысык-Ата району
7
Милянфан айылдык
Малоэр Эдир Юбурович
Жеке ишкер
№ 9, 27.04.2016-ж.
8
Мусаров Сулейман Юнусович
Жеке ишкер
9
Маслянов Ахмед Юнусович
Жеке ишкер
Чүй району
10
Чүй айылдык
Карабалаев Кайрат Керимкулович
Убактылуу иштебейт
№ 8, 27.04.2016-ж.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 "Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана…Постановление · 15.12.2012 · № 157
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 "Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 153
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 151 "Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 151
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 156 "Талас облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын…Постановление · 15.12.2012 · № 156
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 68 "2016-жылдын 27-мартындагы Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 11.04.2016 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 74 "2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин…Постановление · 11.04.2016 · № 74
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98