# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 31-р (Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы бекитилүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 31-р (Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы бекитилүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 31-р
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8527/edition/519494/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 31-р (Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы бекитилүү боюнча) буйругу (12.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208167

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 12-августу № 31-р "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июнундагы № 14 Жарлыгына ылайык жана Бишкек шаарында "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Имашев Ч.И. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси; Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делегациянын жетекчисинин орун басары; Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, Байгөнчөков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Денисов Р.В. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укуктук бөлүмүнүн башчысы; Токтоматов Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Сарыбаева Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы; Изаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 299 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.

Президент

Р.Отунбаева
