# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 25-р (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш бекитүү боюнча) тескемеси

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 25-р (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш бекитүү боюнча) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 25-р
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8522/edition/539812/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 25-р (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш бекитүү боюнча) тескемеси (28.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208162

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 604-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 11-августу № 25-р (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги № 117-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Республикалык курулушта сертификатташтыруу борборунун директору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Товар өндүрүүчүлөрүнүн улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

- "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" акционердик коомунун Борбордук илим-изилдөө лабораториясынын башкы менеджери (макулдашуу боюнча);

- "Стандартсертик" жоопкерчилиги чектелген коомунун сертификатташтыруу боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

- Борбордук геология лабораториясынын начальниги (макулдашуу боюнча);

- Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Сертификатташтыруу органдарын аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

- "Манас" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдун президенти (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

- "Профмедицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жугуштуу оорулардын диагностикалык лабораториясынын сапатты контролдоо республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин стандарташтыруу жана метрология кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине караштуу Аккредитациялоо борборунун өкүлү.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги № 117-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-декабрындагы № 727-б жана 2007-жылдын 13-октябрындагы № 396-б буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.

Президент

Р.Отунбаева
