# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 13-р ("Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеңеши бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 13-р ("Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеңеши бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 13-р
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8512/edition/518867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 13-р ("Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеңеши бекитүү боюнча) буйругу (29.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208152

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 29-июлу № 13-р Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын Уставынын 9-пунктуна ылайык "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеңеши төмөнкү курамда бекитилсин: Джолдошев Нурдин Бексултанович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору, Директорлор кеңешинин төрагасы; Абышов Азизбек Абдикеримович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары; Мукамбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары; Кылжыев Самат Аскербекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Абдурахманов Болот Борисович - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти.

Президент

Р.Отунбаева
