# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 439-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 439-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 439-р
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8496/edition/524504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 439-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу (28.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208136

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 12-августу № 439-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.

Аталган буйрук менен түзүлгөн "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 439-б буйругуна тиркеме

"Кыргыз Реепубликасында 2010-жылга чейин

мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана

жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү"

Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча

Координациялык кеңештин

КУРАМЫ

Айтмурзаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасы, Бакиров Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы; Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Бейшенкулов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы; Ералиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы; Карашев А.А. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Кенжебаев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары; Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы; Олейниченко А.П. - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун башчысы (макулдашуу боюнча); Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; Есеналиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы, Координациялык кеңештин жоопту катчысы (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
