# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-августундагы № 426-б (Кызматтык автомашинаны сатып алуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-августундагы № 426-б (Кызматтык автомашинаны сатып алуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 425-р
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8488/edition/518334/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-августундагы № 426-б (Кызматтык автомашинаны сатып алуу боюнча) буйругу (06.08.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208128

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 6-августу № 426-б Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулуш башкармалыгына белгиленген тартипте кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн кызматтык автотранспорттун санынын белгиленген лимитинин чектеринде өздүк каражаттардын эсебинен автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы автомашина сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
