# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июлундагы № 407-б (Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына өз учурунда даярдоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июлундагы № 407-б (Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына өз учурунда даярдоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 407-р
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8470/edition/519427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июлундагы № 407-б (Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына өз учурунда даярдоо боюнча) буйругу (27.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208110

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУГУ 2009-жылдын 27-июлу № 407-б Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына өз учурунда даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында: 1 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- республикалык бюджеттен 4 900 ООО (төрт миллион тогуз жүз миң) сом суммасында зарыл болгон кошумча финансылык каражаттарды тапсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн бөлүп берсин;

- «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте:

- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясын өткөрүүгө өз учурунда даярдык көрүүнү камсыз кылсын;

- товарларды жана кызматтарды сатып алууларды «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен жүргүзсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигне жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
