Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия түзүлсүн) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 24 июля 2015 года № 347-р (О признании утратившим силу распоряжение ПКР от 16.12.2010 года № 211-р).» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-24.
(КР Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июлундагы № 347-б буйругуна ылайык Күчүн Жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 16-декабры № 211-р (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык) Мүлк комплекстерин жана жер участокторун реструктуризациялоодо, мамлекеттештирүүдө, мамлекеттен ажыратууда мамлекеттик тиешелүү органдардын ишинин айкындыгын жана ачыктыгын, жеке менчик укуктарын коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында:
1. Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Комиссия өз ишине мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин жана көз карандысыз эксперттерди коомдук башталышта белгиленген тартипте тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүңө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 211-р тескемесине тиркеме
Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын
ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри; (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Базарлардын, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ишканаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын ишкерлер союзунун туризм боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); "Билим берүү мекемелеринин союзу" ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин катчысы (макулдашуу боюнча).
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия жөнүндө жобоПоложение · 16.12.2010
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.07.2014 · № 291-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июлундагы № 347-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 211-б буйругу күчүн жоготту жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 24.07.2015 · № 347-р
- Распоряжение ПКР от 25 июля 2014 года № 291-рРаспоряжение · 25.07.2014 · № 291-р
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги № 177-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 25.07.2014 · № 291-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июлундагы № 347-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 211-б буйругу күчүн жоготту жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 24.07.2015 · № 347-р