# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 207-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-т өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 207-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-т өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 207-р
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208086>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8449/edition/519768/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208086.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 207-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-т өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу (15.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208086

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 15-декабры № 207-р Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык округунун Таш-Тумшук айылынын тургундарынын сатылуучу үйлөрүн сатып алууга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 112 «Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык Ош жана Жалал-Абад облусунун шаарларын калыбына келтирүү үчүн каралган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өздөштүрүлбөгөн каражаттарынын эсебинен Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына 10000000 (он миллион) сом бөлүп берсин.

- «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушту белгиленген тартипте киргизсин.».

Президент Кыргызской Республики

Р.Отунбаева
