# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-декабрындагы № 206-р (Кызматтык жайдын акысыз пайдалануу шартында бекитип берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-декабрындагы № 206-р (Кызматтык жайдын акысыз пайдалануу шартында бекитип берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 206-р
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8448/edition/519478/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-декабрындагы № 206-р (Кызматтык жайдын акысыз пайдалануу шартында бекитип берүү боюнча) буйругу (13.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208085

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 13-декабры № 206-р Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун архивинин жана музейинин иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 «Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик алминистрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун архивин жана музейин жайгаштырууга №1 Мамлекеттик резиденциянын жабык сүзүүчү бассейининин Ч.Т.Айтматовдун Эл аралык коомдук фондуна биринчи кабатындагы аянты 94,6 кв.м жайды жана экинчи кабатындагы аянты 60,83 кв.м жайды, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө менен акысыз пайдалануу шартында бекитип берсин.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.

Президент Кыргызской Республики

Р.Отунбаева
