# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 86 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 68 токтомунун С.М.Джумазага тиешелүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 86 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 68 токтомунун С.М.Джумазага тиешелүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1750/edition/719085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 86 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 68 токтомунун С.М.Джумазага тиешелүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (19.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20808

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 19-апрели № 86 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 68 токтомунун С.М.Джумазага тиешелүү бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө Ысык-Ата районунун паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмүнүн начальниги А.Ташибекованын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облустук башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн начальниги Т.Бапановдун маалымкатынын негизинде, Джумаза Салима Маровнанын пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги аныкталгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 68 токтому менен бекитилген Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколунун, Джумаза Салима Маровнаны көрсөтүлгөн айылдык кеңешинин депутаты деп табуу бөлүгү жокко чыгарылсын.

2. 2016-жылдын 31-мартындагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколунун № 3 таблицасынан Джумаза Салима Маровнаны алып салуу менен 3-бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
