# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 196-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдоочу милдеттенмелерин өз учурунда аткарууну камсыздоо максатында акча каражаты республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн толуктоого жиберилүүсү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 196-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдоочу милдеттенмелерин өз учурунда аткарууну камсыздоо максатында акча каражаты республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн толуктоого жиберилүүсү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 196-р
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8439/edition/519460/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 196-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдоочу милдеттенмелерин өз учурунда аткарууну камсыздоо максатында акча каражаты республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн толуктоого жиберилүүсү тууралуу) буйругу (08.12.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208076

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 8-декабры № 196-р 2010-жылы республикалык бюджетке ресурстардын толук түшпөгөнүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдоочу милдеттенмелерин өз учурунда аткарууну камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 112 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык каралган 2924100000 (эки миллиард тогуз жүз жыйырма төрт миллион жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн толуктоого жиберилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды андан ары каржылоо үчүн тышкы заемдордун келип түшүүсүнө жараша калыбына келтирсин;

- белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.

Президент Кыргызской Республики

Р.Отунбаева
