КР Өкмөтүнүн (Нарын облусунун Кочкор районундагы каналдарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында акча каражаты бөлүнүү боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 18-ноябры № 172-р Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле бийик тоодогу көлдүн жырылышынын айынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Көл-Үкөк суусунун нугуна көп өлчөмдөгү суунун куюлушунун натыйжасында бузулган суу топтоочу курулмалардагы мамлекеттик суу чарба объекттерин, «Сол жээк» жана «Оң жээк Кайырма» каналдарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Нарын облусунун Кочкор районундагы мамлекеттик суу чарба объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине 8100000 (сегиз миллион жүз миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети бузулган мамлекеттик суу чарба объекттерин калыбына келтирүүнү камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.