# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 66-б (Акча каражат бөлүнүүсү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 66-б (Акча каражат бөлүнүүсү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 66-р
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8409/edition/518560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 66-б (Акча каражат бөлүнүүсү тууралуу) буйругу (02.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208045

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 2-марты № 66-б Жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун артыкчылыктуу багыттарынын бирин өнүктүрүү, ошондой эле лизинг компаниясын түзүү үчүн "Кыргыз республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун активдерин капиталдаштыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун активдерин капиталдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине лизинг компаниясын түзүү үчүн 431 (торт жүз отуз бир) миллион сом суммасындагы каражат бөлсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усөнов
