# Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 82 токтому менен бекитилген) ЖОБО

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 82 токтому менен бекитилген) ЖОБО
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20804>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-631/edition/718931/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20804.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 82 токтому менен бекитилген) ЖОБО (13.04.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20804

---

4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 82 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө ЖОБО

1. "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаты (мындан ары -жергиликтүү кеңештин депутаты) өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө жергиликтүү кеңештин депутатынын төш белгисин (мындан ары - төш белги) пайдаланат.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиясы) жергиликтүү кеңештин депутатына жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин эсепке алуу жана берүү журналына жергиликтүү кеңештин депутатынын колтамгасын койдуруу менен төөнөп бекитиле турган төш белги берет.

3. Жергиликтүү кеңешинин депутаты төш белгинин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Төш белгини жоготуп жиберген учурда жергиликтүү кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын ысымына аны жоготуп жиберүүнүн себебин көрсөтүү менен төш белгинин дубликатын берүү жөнүндө арыз берет.

4. Жергиликтүү кеңешинин депутаты каза болгон учурда төш белги анын үй-бүлө мүчөлөрүндө калат.
