# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 100-б (Иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасына ылайык акча каражаты бөлсүнүүсү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 100-б (Иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасына ылайык акча каражаты бөлсүнүүсү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 100-р
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8392/edition/518226/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 100-б (Иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасына ылайык акча каражаты бөлсүнүүсү тууралуу) буйругу (25.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208026

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 30-марты № 100-б Ала-Арча суусунун өрөөнүндө жашаган калкка сел коркунучу, тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүүсү жөнүндө жана табигый коркунучтуу процесстердин башка түрлөрүнүн болушу тууралуу өз убагында алдын ала кабарлоо максатында, ошондой эле "Адыгене" көл-гляциологиялык станциясын кармоо үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ала-Арча суусунун өрөөнүндөгү коркунучтуу экзогенндик геологиялык процесстерди иликтөө жана алардын өөрчүүсүн божомолдоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн, ошондой эле "Адыгене" көл-гляциологиялык станциясын кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине 2010-2014-жылдар үчүн максаттуу арналыштагы 6921,0 миң (алты миллион тогуз жүз жыйырма бир миң) сомду, анын ичинде 2010-жыл үчүн 2,0 млн. (эки миллион) сомду, 2011-жыл үчүн 1,5 млн. (бир миллион беш жүз миң) сомду, 2012-жыл үчүн 1,5 млн. (бир миллион беш жүз миң) сомду, 2013-жыл үчүн 1,0 млн. (бир миллион) сомду, 2014-жыл үчүн 921,0 (тогуз жүз жыйырма бир миң) сомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому менен түзүлгөн атайын эсептин каражаттарынан аталган иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасына ылайык бөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги:

- Ала-Арча суусунун өрөөнүндөгү коркунучтуу экзогенндик геологиялык процесстерди иликтөө жана алардын өөрчүүсүн божомолдоо боюнча иштерди уюштурсун, ошондой эле тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүүсүн алдын алуу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте өткөрсүн;

- алынган каражаттарды арналышы боюнча пайдалануу тууралуу отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын берип турсун.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усөнов
