# КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 74-б (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларын акционердик коомдор кылып белгиленген тартипте кайра түзүлүүсү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 74-б (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларын акционердик коомдор кылып белгиленген тартипте кайра түзүлүүсү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 74-р
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/208009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8375/edition/518068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/208009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-мартындагы № 74-б (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларын акционердик коомдор кылып белгиленген тартипте кайра түзүлүүсү боюнча) буйругу (09.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/208009

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2010-жылдын 9-марты № 74-б "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2008-2012-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн программасына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кыргыз почтасы" жана "Бишкек штамптоо заводу" мамлекеттик ишканаларын акционердик коомдор кылып белгиленген тартипте кайра түзсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Д.Усөнов
