Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Имаратты өткөрүп берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-июлу № 385-б "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте "Алабука" чек ара заставасын, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Ала-Бука чек аралык отрядын жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Баймак айылындагы мурдагы балдар реабилитациялык борборунун имаратын оперативдүү башкаруу укугу менен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын балансына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүүнү жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы №40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2010 · № 40 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- О пограничной службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.03.1999 · № 28 · Күчүн жоготкон