# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 384-б (Кызматтык автотранспортту өткөрүп берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 384-б (Кызматтык автотранспортту өткөрүп берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 384-р
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8360/edition/517908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 384-б (Кызматтык автотранспортту өткөрүп берүү боюнча) буйругу (15.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207993

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-июлу № 384-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигине 1996-жылы чыккан, шасси номери WBADD110XOBN01389, техпаспорт номери 578070, "БМВ-520 I" маркасындагы пайдалануу мөөнөтү бүткөн кызматтык автотранспортту Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын балансына кызматтык автотранспорттун санынын белгиленген лимитинин чегинде өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашинаны балансына кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-сентябрындагы № 325-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун бешинчи абзацы алып салынсын.

4. Автотранспорттук каражатты ташуу жана тариздөө менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын каражатынын эсебинен жүргүзүлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
