# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 382-б ("Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмчөлөрүнүн эл аралык тобунун уставына кошулуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 382-б ("Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмчөлөрүнүн эл аралык тобунун уставына кошулуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 382-р
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207992>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8359/edition/517906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207992.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 382-б ("Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмчөлөрүнүн эл аралык тобунун уставына кошулуу жөнүндө) буйругу (15.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207992

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 15-июлу № 382-б Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматын "Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмчөлөрүнүн эл аралык тобуна мүчөлүккө киргизүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын 690 жана 691-пункттарына ылайык:

1. "Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмчөлөрүнүн эл аралык тобунун уставына кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын сунушуна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы төгүмдөрү биринчи кезекте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын тизмесине "Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмчөлөрүнүн эл аралык тобун киргизүү жөнүндө тиешелүү сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки айлык мөөнөттө киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылдан баштап жана андан кийинки жылдарда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзгөндө төмөнкүлөрдү камсыздоо максатында зарыл болгон акча каражаттарын бөлүүнү карасын:

- "Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмчөлөрүнүн эл аралык тобунун ишине катышуу үчүн 2600,0 (эки миң алты жүз) АКШ доллары өлчөмүндөгү (улуттук валютанын эквивалентинде) мүчөлүк акыларды төлөөнү;

- "Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмчөлөрүнүн эл аралык тобунун пленардык заседаниелерине жана жумушчу топторуна Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусу үчүн 700,0 (жети жүз миң) сом өлчөмүндөгү командировкалык чыгымдарды төлөөнү.

Премьер-министр

И.Чудинов
