# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-июлу № 381-б (Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-июлу № 381-б (Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 381-р
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207991>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8358/edition/517904/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207991.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-июлу № 381-б (Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө) буйругу (14.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207991

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 14-июлу № 381-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 111 "Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекс үчүн музейди жана айкелдик композицияларды (мындан ары - объект) куруу үчүн 2009-жылга бекитилген бюджеттин чегинде "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча 2009-жылга республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык башкармалыгына 10,0 (он) миллион сом бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги объекттин курулушуна инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча маселелерди чечүүнү камсыздасын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
