КР Өкмөтүнүн (Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 14-июлу № 381-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 111 "Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплексти долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекс үчүн музейди жана айкелдик композицияларды (мындан ары - объект) куруу үчүн 2009-жылга бекитилген бюджеттин чегинде "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча 2009-жылга республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык башкармалыгына 10,0 (он) миллион сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги объекттин курулушуна инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча маселелерди чечүүнү камсыздасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 111 "Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Чоңсарыой айылына Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый…Постановление · 20.02.2006 · № 111 · Күчүн жоготкон