# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 371-б ("Салттуу билимдер" категориясына тиешелүү болгон билимдердин шайкештигин аныктоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 371-б ("Салттуу билимдер" категориясына тиешелүү болгон билимдердин шайкештигин аныктоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 371-р
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207984>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8351/edition/517892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207984.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 371-б ("Салттуу билимдер" категориясына тиешелүү болгон билимдердин шайкештигин аныктоо боюнча) буйругу (09.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207984

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 9-июлу № 371-б "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. "Салттуу билимдер" категориясына тиешелүү болгон билимдердин шайкештигин аныктоо, алардын иш жүзүндө колдонулуусун жана аларды колдонуунун оң натыйжасын аныктоо боюнча ыйгарым укуктар төмөнкү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге жүктөлсүн:

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине - өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекс жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине - мал чарбачылыкты, ветеринарияны, балык өстүрүүнү, өсүмдүк өстүрүүнү, өсүмдүктөрдүн карантинин, мелиорацияны, кыртыштын түшүмдүүлүгүн, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууну, айыл чарба чийки затын жана азык-түлүктү, тамак-аш, алкоголдук жана кайра иштетүү өнөр жайын кошкондо, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине - диагностика жана дарылоо ыкмаларына, дары-дармек каражаттарына, медициналык техникага, дары-дармек өсүмдүктөрүнө карата; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине - калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо, гидрометеорологиялык жана агрометеорологиялык божомолдоо жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине - тарбия, билим берүү жаатындагы жана тиешелүү илимий иш чөйрөсүндөгү билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине - жол чарбасы жана транспорт, байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине - маданият жана искусство, көркөм жана элдик өнөрчүлүк, кол өнөрчүлүк жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке - архитектура, курулуш, курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды өндүрүү, турак-жай курулушу жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке - кендерди пайдалануу жана кен казуу өнөр жайы жаатындагы, геология тармагындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке - курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына - табигый, техникалык жана коомдук илимдер жаатындагы билимдерге карата.

2. Бул буйруктун 1-пунктунда саналган мамлекеттик органдар жана мекемелер:

- бул буйруктун 1-пунктунда аталган маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактардын арыздарын кароо жана корутундуларды берүү боюнча комиссияларды түзүшсүн;

- бул буйруктун 1-пунктунда аталган маселелер боюнча корутундуларды берүүнү функциялык милдеттеринин алкагында, акы албастан жүргүзүшсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
