Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Салттуу билимдер» категориясына тиешелүү болгон билимдердин шайкештигин аныктоо боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 9-июлу № 371-б "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. "Салттуу билимдер" категориясына тиешелүү болгон билимдердин шайкештигин аныктоо, алардын иш жүзүндө колдонулуусун жана аларды колдонуунун оң натыйжасын аныктоо боюнча ыйгарым укуктар төмөнкү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге жүктөлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине - өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекс жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине - мал чарбачылыкты, ветеринарияны, балык өстүрүүнү, өсүмдүк өстүрүүнү, өсүмдүктөрдүн карантинин, мелиорацияны, кыртыштын түшүмдүүлүгүн, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууну, айыл чарба чийки затын жана азык-түлүктү, тамак-аш, алкоголдук жана кайра иштетүү өнөр жайын кошкондо, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине - диагностика жана дарылоо ыкмаларына, дары-дармек каражаттарына, медициналык техникага, дары-дармек өсүмдүктөрүнө карата; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине - калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо, гидрометеорологиялык жана агрометеорологиялык божомолдоо жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине - тарбия, билим берүү жаатындагы жана тиешелүү илимий иш чөйрөсүндөгү билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине - жол чарбасы жана транспорт, байланыш жана маалыматташтыруу жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине - маданият жана искусство, көркөм жана элдик өнөрчүлүк, кол өнөрчүлүк жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке - архитектура, курулуш, курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды өндүрүү, турак-жай курулушу жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке - кендерди пайдалануу жана кен казуу өнөр жайы жаатындагы, геология тармагындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке - курчап турган чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы билимдерге карата; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына - табигый, техникалык жана коомдук илимдер жаатындагы билимдерге карата.
2. Бул буйруктун 1-пунктунда саналган мамлекеттик органдар жана мекемелер:
- бул буйруктун 1-пунктунда аталган маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактардын арыздарын кароо жана корутундуларды берүү боюнча комиссияларды түзүшсүн;
- бул буйруктун 1-пунктунда аталган маселелер боюнча корутундуларды берүүнү функциялык милдеттеринин алкагында, акы албастан жүргүзүшсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Салттуу билимдерди коргоо жөнүндөЗакон · 31.07.2007 · № 116