# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 369-б ("Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун айланасында түзүлгөн жагдайды чечүү максатында, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын кайрылуусун эске алуу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 369-б ("Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун айланасында түзүлгөн жагдайды чечүү максатында, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын кайрылуусун эске алуу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 369-р
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8349/edition/517546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207982.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 369-б ("Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун айланасында түзүлгөн жагдайды чечүү максатында, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын кайрылуусун эске алуу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүшү боюнча) буйругу (09.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207982

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 9-июлу № 369-б "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун айланасында түзүлгөн жагдайды чечүү максатында, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын кайрылуусун эске алуу менен:

1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 1995-жылдын 16-февралындагы Кепилдик макулдашуусунда каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин жөнгө салуу механизмин аныктоо боюнча сунушту үч айлык мөөнөттө караштырсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин;

- "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарды кармоочулардын алдындагы карызынын суммасы жөнүндө толук маалыматты жана карызды жөнгө салуунун варианттары жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына эки айлык мөөнөттө берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарын кармоочуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 23 "Рентон-Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарын кармоочуларга социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык алынбай калган сумманын калдыгын төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырсын.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл учурда мамлекеттик органдардын тийиштүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.

5. Бул буйруктун аткарышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 369-б буйругуна тиркеме

"Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун

айланасында түзүлгөн жагдайды чечүү боюнча

ведомстволор аралык жумушчу топтун

КУРАМЫ

- Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Банктарды өзгөртүп кайра түзүү жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин директору (макулдашуу боюнча);

- "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун демилгечи тобунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

- "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун демилгечи тобунун өкүлү (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
