Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Керимкуловга И.С., Гульжигитовга М.Г., Алиевга Т.Н. ишеним кат берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 6-июлу № 362-б
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармалыгынын бөлүм начальниги И.С.Керимкулов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башкы инспектору М.Г.Гүлжигитов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын улук инспектору Т.Н.Алиев жаран А.К.Мусабековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 31-главасынын 98-100-пункттарын конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-пунктуна, 13-беренесинин 3-пунктуна, 14-беренесинин 3-пунктуна, 21-беренесинин 6-пунктуна,
27-беренесинин 1-пунктуна, 28-беренесинин 1-пунктуна, 74-беренесинин 1 жана 4-пункттарына каршы келээрин таануу жөнүндө өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун отурумдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо башкармалыгынын бөлүм начальниги Керимкулов Илияс Саматбековичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башкы инспектору Гүлжигитов Мирлан Гүлжигитовичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын улук инспектору Алиев Темурлан Нуркасымовичке ишеним кат берилсин.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону…Постановление · 23.07.2007 · № 281 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлундагы № 281 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын…Положение · 23.07.2007 · № 281 · Күчүн жоготкон