# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 359-б (2009-2011-жылдарда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иш-чаралардын планы бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 359-б (2009-2011-жылдарда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иш-чаралардын планы бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 359-р
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8341/edition/517578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207974.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 359-б (2009-2011-жылдарда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иш-чаралардын планы бекитүү боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207974

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 3-июлу № 359-б Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансынын башкаруу системасын реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык:

1. 2009-2011-жылдарда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту реформалоо боюнча иштерди уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 359-б токтому менен бекитилген

2009-2011-жылдарда Финансылык отчеттулуктун эл аралык

стандарттарына өтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик секторунда бухгалтердик эсепти жана

отчеттуулукту реформалоо боюнча

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

| № | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
| --- | --- | --- | --- |
| I бөлүм. Мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун нормативдик укуктук базасын түзүү жана өркүндөтүү |  |  |  |
| 1.1 | "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзам долбоорун даярдоо | 2009-жыл | Финмин |
| 1.2 | Нормативдик укуктук актыларды кайра кароо жана аларды Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жана киргизүү боюнча жаңы жобого ылайык келтирүү үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2009-жыл | Финмин |
| 1.3 | Эсептердин жаңы планына ылайык балансты түзүүдө контролдук көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу | 2009-жыл | Финмин |
| 1.4 | Мамлекеттик башкаруу секторунун балансын консолидациялоо усулунун долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2009-жыл | Финмин |
| 1.5 | Коомдук сектордун финансылык отчеттуулугунун эл аралык стандарттарына (мындан ары КСФОЭС) өтүүгө байланыштуу бухгалтердик эсептин жана отчеттук документтин бир түргө келтирилген системаларына кирген бухгалтердик эсептин жана документтердин алгачкы эсептик документтерин кайра кароо | 2009-2010-жыл- дар | Финмин |
| 1.6 | КСФОЭСке өтүү менен мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча колдонуудагы нормативдик методологиялык базаны өркүндөтүү | 2009-2011- жылдар | Финмин, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, бюджеттик мекемелер |
| II бөлүм. КСФОЭСке өтүүгө байланыштуу мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсептин жаңы системасын киргизүү |  |  |  |
| 2.1 | Мамлекеттик сектордо эсептөөнүн жаңы планын киргизүү | 2009-2011-жыл- дар | Финмин, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, бюджеттик мекемелер |
| 2.2 | Бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү жана КСФОЭСке өтүүгө байланыштуу финансылык отчеттуулукту түзүүнү автоматташтыруу | 2009-2011-жыл- дар | Финмин |
| III бөлүм. Кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу |  |  |  |
| 3.1 | Бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик сектордун финансылык-экономикалык кызматкерлерине окутуучу тренингдерди өткөрүү | 2009-2011-жыл- дар | Финмин |
| 3.2 | Эсептөө палатасынын аудиторлору, мамлекеттик сектордун ички аудиторлору үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү | 2009-2011-жыл- дар | Финмин |
| 3.3 | КСФОЭСти терең үйрөнүүгө жана практикада аны колдонуунун ыкмаларын түзүүгө багытталган мамлекеттик сектордун бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо программасын иштеп чыгуу | 2009-2011-жыл- дар | Финмин, Билиммин |
| 3.4 | Министрликтерде, ведомстволордо, мамлекеттик сектордун уюмдарында, мекемелеринде бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча адистерди аттестациялоо системасын өнүктүрүү, ошондой эле бухгалтердин статусун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2009-2011-жыл- дар | Финмин, Билиммин |
| IV Бөлүм. Эл аралык кызматташтык |  |  |  |
| 4.1 | Кыргыз Республикасында КСФОЭСти киргизүүгө Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын расмий уруксатын алуу | 2009-жыл | Финмин |
| 4.2 | Мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук жаатында мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү | дайыма | Финмин |
