# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 356-б (Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бюджетине жер салыгынын ордун толтуруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 356-б (Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бюджетине жер салыгынын ордун толтуруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 356-р
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8340/edition/517576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 356-б (Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бюджетине жер салыгынын ордун толтуруу боюнча) буйругу (03.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207973

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 3-июлу № 356-б Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2009-жылдын 19-майындагы № ЭД-371/08 мб н/п № 07-253/08 ЭД иши боюнча жеке аныктамасынын негизинде:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бюджетине жер салыгынын ордун толтурууга 94177541 (токсон төрт миллион жүз жетимиш жети миң беш жүз кырк бир) сом суммасындагы кошумча финансылык каражатты 2009-жылга бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнөн издеп тапсын;

- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорду белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
