# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 353-б ("Медицина кызматкеринин күнүн" майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар 2009-жылдын 6-июлунда өткөрү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 353-б ("Медицина кызматкеринин күнүн" майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар 2009-жылдын 6-июлунда өткөрү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 353-р
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8337/edition/517570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-июнундагы № 353-б ("Медицина кызматкеринин күнүн" майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар 2009-жылдын 6-июлунда өткөрү боюнча) буйругу (27.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207970

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 27-июну № 353-б Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин кесиптик күнүнө байланыштуу:

1. "Медицина кызматкеринин күнүн" майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар 2009-жылдын 6-июлунда өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча каралган 650000 (алты жүз элүү миң) сом суммасындагы каражатты тиркемеге ылайык чыгымдар сметасы боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
