Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Дастан» ААК акцияларынын пакети өткөрүп берүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 27-июну № 347-б "Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууга ылайык:
1. "Дастан" ачык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын менчигинде турган 48 процент өлчөмдөгү акцияларынын пакети Россия Федерациясынын менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасына ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акциялардын пакетин өткөрүп берүү боюнча документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акциялардын пакетин өткөрүп берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.