# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 342-б (Атайын инженердик техниканы сатып алуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 342-б (Атайын инженердик техниканы сатып алуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 342-р
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8327/edition/517554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207960.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 342-б (Атайын инженердик техниканы сатып алуу боюнча) буйругу (25.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207960

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 25-июну № 342-б Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын инженердик техникалар паркын жаңыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине белгиленген тартипте ведомстволук уюмдардан түшкөн каражаттардын эсебинен 9 (тогуз) атайын инженердик техника сатып алууга уруксат берилсин, анын ичинде:

фронталдык жүктөгүчтөрдү - 7 (жети) бирдик; тралы бар отургучтуу сүйрөгүчтөрдү - 2 (эки) бирдик.

2. Атайын инженердик техниканы сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178 жана 179-беренелерине ылайык атайын бажылык режимде ушул буйруктун 1-пунктунда аталган транспорттук каражаттарды бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 96-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи, бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы жана 2-пунктундагы "жогорку өтүмдүү" деген сөздөр алып салынсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
