# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 322-б (Мамлекеттик материалдык резервден аштык буудайды брондон чыгаруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 322-б (Мамлекеттик материалдык резервден аштык буудайды брондон чыгаруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 322-р
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207946>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-8313/edition/528394/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207946.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 322-б (Мамлекеттик материалдык резервден аштык буудайды брондон чыгаруу боюнча) буйругу (19.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207946

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 19-июну № 322-б "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 13-беренелерине ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

- мамлекеттик материалдык резервден 150 тонна аштык буудайды брондон чыгарсын;

- брондон чыгарылган аштык буудайды ун кылып тартууну уюштурсун жана Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган унду Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасына жеткирүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасында жашаган жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактасын.

4. Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясы кайтарымсыз негизде бөлүнүп берилген жардамды даректүү тапшырууну камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде зарыл болгон акча каражаттарын төмөнкүлөргө бөлүп берсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык брондон чыгарылган аштык буудайдын запасын толуктоо жана буудайды ун кылып тартууну уюштуруу үчүн;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аталган унду Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасына жеткирүүнү уюштуруу үчүн.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
